“Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан ээси жок баштыктан маңзат табылды
“Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан 3-сентябрда чек арачылар тарабынан ээси жок баштык табылган. Баштыкты текшерүү учурунда ичинен 21 даана полиэтилен пакетиндеги жашыл чөп, 2 ширеңкенин кутусуна салынган маңзат жана 2 бөтөлкө уксуска окшош суюктук алынган. Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин, табылган заттар Панфилов РИИБине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу 4-сентябрда Чек ара кызматы билдирди.