Бүгүн, 4-сентябрда таңга маал кылмыш тобу Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Вахдат шаарынын Ички иштер башкармалыгына куралдуу чабуул жасады. Тажикстандын ИИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган топтун башында Зиёвиддин Абдуллоев турган. Ок атышуудан улам ал жана анын шериги каза табышты. Мындан тышкары кылмыш тобунун үч мүчөсү ар кандай деңгээлдеги жаракат алышты. Ал эми укук коргоо түзүмдөрү тарабынан канча адам каза тапканы боюнча ИИМ маалымат берген жок. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, бул окуядан улам МАИ кызматкери жана эки ОМОНчу курман болду.