Бишкектеги соода борборунун жанындагы таштанды салуучу челектен жарылуучу зат табылган жок

Бишкекте Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун жанынан жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапёрлор жарылуучу затты имараттын алдындагы таштанды салуучу челектен жана жанындагы арыктардан издешти.
Айта кетсек, бүгүн, 4-сентябрда саат 19:00 чамасында милицияга аталган соода борборунун жанында жарылуучу зат катылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери имараттын айланасын тосуп, затты издөөнү башташкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
OTYPBARATYPELEEE
2015-09-04 22:15:04
Азыр эле башка бир сайта детанатор табылып жок кылынды деп журөт эле гооооо....
0
nur-patriot
2015-09-04 22:33:24
OTYPBARATYPELEEE, мен ал жерде журдум. милициянерлер айтшты эчтеке жок деп
+1
Mars55
2015-09-04 23:19:58
ким айтса ошону кармаш керек
+1
RASTAMAN
2015-09-04 23:50:09
Бир нерсе бар десе...
-1
Decmond
2015-09-05 00:15:13
)))))) башка оюн ойнобойсунарбы?
0
Rifle
2015-09-05 10:22:12
Озу учур учур менен ушундай маалымат берип турбаса болбой турган адамдар бар окшойт а , ооруп калат окшойт милицияларды алдабаса.
Же бул жон алаксытуу ишби ? Милицияларды ошол жакка айдап , башка жерде чон иш жургузо тургандай ?
+1
OTYPBARATYPELEEE
2015-09-05 14:47:57
ЖАҢЫЛЫКТАР

УКМК: таштандыдагы жардыргычка окшош зат жок кылынды

Бишкектеги “Балдар дүйнөсү” соода борборунун жанындагы таштанды челекте табылган жардыргыч затка окшош нерсе жок кылынганын УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов кабарлады.

4-сентябрда кечки саат 18:40та Бишкек ШИИБнын күзөт бөлүмүнө аты-жөнү белгисиз адам телефон чалып, таштанды челекте жардыргыч затка ок
0
OTYPBARATYPELEEE
2015-09-05 14:49:37
челекте жардыргыч затка окшош зат турганын кабарлаган. Айтылган жерге УКМК жана ИИМ кызматкерлери барып, шектүү зат турган жерди кайтарууга алышкан. УКМК табылган зат тийиштүү жол менен жок кылынып, кошумча экспертизага жөнөтүлгөнүн кабарлайт.
Учурда жардыргыч затка окшош нерсе кимдер тарабынан жасалганы аныкталууда.
УКМК жарандар тарабынан жардыргыч затка окшош шектүү буюм табылса, тийиштүү күч орган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан