Бишкекте 68 жаштагы улгайган аялды ур-токмокко алуу боюнча шектелип 49 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 6:30 чамасында бет капчан белгисиз жаран айымдын үйүнүн короосуна кирип, ур-токмокко алып, качып кеткен. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 49 жаштагы Бишкектин тургунун кармашты. Учурда тергөө амалдары уланууда.