Бүгүн, 5-сентябрда Тажикстандын күч түзүмдөрү Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта кылмыштуу топко каршы операцияны өткөрүп жатышат. Анын жүрүшүндө топтун 32 мүчөсү кармалды жана 13ү өлтүрүлдү, 500дөн ашуун курал-жарактар алынды. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин басма сөз кызматы жарыялады.
Мекемеден билдиришкендей, "операцияда ИИМдин жана Коргоо министрлигинин 33 кызматкери каза тапты" деген маалымат чындыкка туура келбейт. "Ок атышуудан улам 9 милиция кызматкери курман болду, дагы 6 кызматкер жаракат алды",- деп маалымдайт ИИМ.
Аталган кылмыштуу топтун башчысы мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзода 7-8 шериги менен Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайына жашынганы белгилүү болду. Учурда бул аймак курчоого алынды. Кылмышкерлерди кармоо боюнча операция уланууда.
Ички иштер министрлиги борбор калаада абал туруктуу экенин баса белгиледи.