Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн мурунку коргоо министри Абдухалим Назарзода баш болгон кылмыш тобуна каршы операцияны биргеликте улантышууда. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-сентябрда операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун 4 мүчөсү өлтүрүлүп, дагы 7 мүчөсү колго түшүрүлдү. Мындан тышкары табылган курал-жарактардын арасында 18 автомат бар экени маалым болду.
"Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш тобун жок кылууда жардам көрсөткөн жарандарга ыраазычылыгын билдирет. Өлкөнүн күч түзүмдөрү Рамит капчыгайында А.Н.Назарзоданын террордук тобун жок кылуу боюнча операциясын улантууда",- деп жазылат ИИМдин расмий маалыматында.
Эскерте кетсек, 4-сентябрда таңга маал кылмыштуу топ Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Вахдат шаарынын Ички иштер башкармалыгына куралдуу чабуул жасаган. Ошол эле күнү борбор калаадан аэропортко барчу унаа жолунда согушчандар менен милициянын ортосунда да ок атышуу болгон. Кечээ, 5-сентябрда өлкөнүн күч түзүмдөрү Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта кылмыштуу топко каршы операцияны башташып, анын жүрүшүндө топтун 32 мүчөсүн кармап жана 13үн өлтүргөн. Ал эми милиция кызматкерлеринен 9 адам курман болуп, 6 жаракат алган. Мындан кийин кылмыш тобун башкарган экс-коргоо министри Абдухалим Назарзода 7-8 шериги менен Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайына жашынганы айтылган.