Чүйдө "чогуу жашаган жаранды бычактаган" деген шек менен 30 жаштагы аял кармалды
5-сентябрга караган түнү Кара-Балта шаарындагы ооруканага бычактан алган жаракаты менен 35 жаштагы жаран келип түшкөн. Ошол эле күнү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган К.В. аттуу жаран көз жумган. Бул иш боюнча иликтөө жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум менен бирге жашаган 30 жаштагы Б.В. кармалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 7-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.