Бишкектик жаран 500 грамм, Түптүн тургуну 391 грамм баңгизат менен кармалышты

Баңгизат кылмышына шектелип Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургуну кармалды. Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын билдиришинче, 42 жаштагы айымдын үстүнөн маалымат түшүп, оперкызматкерлер ыкчам чара көрүү учурунда аны баңгизат менен кармашты. Анын жанынан 391 грамм гашиш табылганы айтылды. "Азыркы учурда кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иштери башталды",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары 6-сентябрда Бишкекте 1994-жылы туулган жаран кармалып, анын жанынан 500 грамм баңгизат табылганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан