Бишкекте сот аткаруучу пара талап кылууга шектелип кармалды

Бишкекте Ленин райондук сот аткаруучу бөлүмүнүн кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 5-сентябрда милицияга шаар тургуну кайрылып, пара талап кылган мамлекеттик кызматкерге карата чара көрүүнү суранган. 

Белгилүү болгондой, жогоруда аталган райондогу сот аткаруучу унааны аресттен чыгаруу үчүн алгач 8 миң сом сурап, кийин сумманы 4 миң сомго түшүргөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 4 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен К.О. аттуу сот аткаруучу колго түшүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан