Ошто бейтапты дарылоо үчүн 5 миң сом пара алып жаткан жеринен оорукананын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 7-сентябрда маалымдады.
Маалыматка караганда, милицияга кайрылган жаран 2 жаштагы тууганын дарылоо үчүн облустук оорукананын бөлүм башчысы акча талап кылганын билдирген. Белгилүү болгондой, оорукананын жооптуу кызматкери алгач 10 миң сом сураган, кийинчерээк сумманы 5 миң сомго чейин түшүргөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө бала буга чейин облустук ооруканада дарыланып, ал үчүн 50 доллар берилгени аныкталган. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен Н.М. аттуу кызматкер колго түшүрүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.