8-сентябрга караган түнү саат 00:05те Чүй облусунун Жайыл районундагы Степное айылында Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, даракты сүзүп алган. ӨКМнын маалымат кызматы жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу каза болгонун билдирди.
Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын №27-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.