Кара-Балта - Степное унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу 8-сентябрда Чүй ОИИББи билдирди.
Маалыматка караганда, 7-сентябрга караган түнү Тойота Харриер унаасын 55 жаштагы Д.А. башкарып бара жаткан. Ал рулду башкара албай, мындан улам унаа ала салып кеткен. Натыйжада унаадагы Ош облусунун тургуну, 38 жаштагы Р.А. алган жаракатынан окуя болгон жерден жан берген. Факты боюнча экспертиза дайындалып, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.