Бишкекте уурдоо боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июлда саат 13:00 чамасында белгисиз адамдар автоунаанын салонунан документтерди жана буюмдарды уурдап кетишкен. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп Белек аттуу жаранды кармашты. Учурда тергөө амалдары уланууда.