Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын аскердик бөлүгүндөгү жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 8-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК жана Аскердик прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө 40 тоннадан ашуун авиациялык күйүүчү майдын жетишсиздиги аныкталган. Натыйжада мамлекетке 2 миллион 21 834 сом зыян келтирилген. Учурда "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүү же негизсиз пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.