Жалал-Абаддагы "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаардык "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 8-сентябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишкананын кызматкерлери жетекчиликтин макулдугусуз 5 миллион 805 миң сомго от казан сатып алышкан. Бул учурда ишканага от казан сатып алуу муктаждыгы болгон эмес жана сатылып алынган казандын техникалык параметри тиешелүү стандартка жооп бербегендиги аныкталган.

Бул боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан