Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Австриянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, австриялык жаран Кыргыз Республикасына Тажикстандан келген. "Ал Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында пилотсуз учуучу аппарат аркылуу видео тартып жаткан. Анда чек арада болууга жана видео тартууга уруксат берүүчү документтери жок болгон. Чек арачылар аны УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө жеткиришти",- деп билдирет мекеме.