Өзбекстандан Кыргыз Республикасына газ баллондорду аткезчилик жол менен киргизген канал табылды

УКМКнын Баткен облусу боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ыкчам издөө иштерин жүргүзүүдө Өзбекстандан Кыргыз Республикасына газ баллондорду аткезчилик жол менен киргизген туруктуу каналын таап, ага бөгөт койду. Бул тууралуу 8-сентябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган кызмат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жалпы 694 даана газ баллонду алып өтүп жаткан унааны кармашкан. Анын жалпы баасы 1 миллион 124,8 миң сомду түзгөн. Ал эми унаанын тиешелүү документтери жок болгон.

2-сентябрда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sherzatik
2015-09-08 14:25:12
Азаматсыңар ишиңерге ийгилик)
0
arena2014
2015-09-08 15:00:19
Кыргыздарга пайдалуу нерселерге да богот койуп отуруп бат эле онугуп кетпесенер болду!
+1
Zarema94
2015-09-08 15:22:35
Кудайга шугур,акыры кармапсынарда. Газ туг0н0йун деп калса керек. К0п жыл болг0н бул каналдар киргизилгенине
0
B.B.Sadykov
2015-09-08 23:17:05
Озбекстан менен болгон чек аралардын баарын жабып салгыла.
0
Lintel
2015-09-09 09:39:27
Кирсе бизге кирип жатат. Бизде чыгып жаткан жокко. Озубузго пайдаго. Бийликтегилерге взяткасын бербей койгонго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан