Бразилияда селсаяк барымтага алынган айымды сактайм деп өз жанын курман кылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Сан-Паулу шаарында тапанча менен куралданган адам айымды жерге кулатып, аны өлтүрөм деп коркутуп жаткан. "Муну көрүп калган тургундардын айрымдары видеого тарта башташса, селсаяк Франциско Эразмо Родригес де Лима барымтага алынган айымды сактоого аракет жасаган. Ал куралчан адамдын жанына келип, аны түртүп, айымды бошоткон. Куралчан адам полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөнгө чейин селсаякка эки ок чыгарууга жетишип калган. Мындан улам Родригес де Лима ошол жерден каза тапкан",- деп жазышат басылмалар.
Бул окуядан кийин интернет колдонуучулар айымдын өмүрүн сактап калган селсаякты акыркы сапарга узатуу зыйнатын татыктуу өткөрүүгө бийликти чакырды.
Полициянын маалыматына ылайык, барымтага алган куралчан кылмышкер уурдоо, материалдык зыян келтирүү жана денеге залал келтирүү боюнча жалпысынан 22 жыл абакта отуруп чыккан.