Өзүн "Салык кызматынын төрагасынын жардамчысымын" деп тааныштырган жаран эки жасалма күбөлүк жана тапанча менен ИИМдин 10-Башкармалыгы тарабынан кармалды. Бул тууралуу 8-сентябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 7-сентябрда ИИМдин 10-Башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында учурда Бишкек шаарында жашаган, Жалал-Абад облусунда 1991-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандын Тойота Прадо унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унааны текшерүүгө алганда анын ичинен эки жасалма күбөлүк жана сыртында ИИМ деп жазылган, бирок ичинде жазуусу жок күбөлүк табылган. Жасалма күбөлүктүн бири кармалган жарандын укук коргоо кызматтарынын биринде иштегени боюнча, дагы бири коррупцияга каршы коомдук бирикменин кызматкери катары иштегени жөнүндө. Ошондой эле унаадан тапанча менен кастет табылган.
Кармалган учурда ал Салык кызматынын төрагасынын жардамчысы экенин айткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.