“Ош шаарында 2-12 жаштагы балдарга ислам динин туура эмес окутуп жаткан аял кармалды”. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда журналисттер менен болгон жолугушууда Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Раим Салимов билдирди. Анын айтымында, ал аял Орусияга иштөө үчүн кеткен жарандардын балдарын ислам дини боюнча окутуп жүргөн.
“Белгилүү болгондой, кармалган айым жалпысынан 10 чакты өспүрүмдү 2-3 айдан бери окутуп жүргөн. Ал балдардын арасында Талас облусунун тургундары да бар. Учурда ал балдар бул аялдын колуна кандай жол менен келип калгандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”,- деди Салимов.
Муну менен катар оперативдик иштердин жыйынтыгында Ош шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалган.
“Калмалган жарандын үйүнөн граната, детонаторлор табылган. Ал көптөн бери бизде каттоодо турган болчу. Ал "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү экени аныкталган”,- деди Салимов.