Салык кызматы: "Жасалма күбөлүктөр менен кармалган жаран Салык кызматынын төрагасынын жардамчысы эмес"

ИИМ тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкек шаарында жасалма күбөлүктөр жана тапанча менен кармалган Ж.А. аттуу жаран Салык кызматынын төрагасынын жардамчысы эмес. Муну бүгүн, 8-сентябрда Салык кызматынан билдиришти. 

Буга чейин ИИМдин 10-Башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында учурда Бишкек шаарында жашаган, Жалал-Абад облусунда 1991-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандын Тойота Прадо унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынганы кабарланган. Унааны текшерүүгө алганда анын ичинен эки жасалма күбөлүк жана сыртында ИИМ деп жазылган, бирок ичинде жазуусу жок күбөлүк табылган. Күбөлүктүн бири кармалган жарандын укук коргоо кызматтарынын биринде иштегенин, дагы бири коррупцияга каршы коомдук бирикменин кызматкери экенин тастыктаган документ болгон. Ошондой эле унаадан тапанча менен кастет табылган. 

Кармалган учурда ал Салык кызматынын төрагасынын жардамчысы экенин айткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orozaliev86
2015-09-08 18:52:44
Бул тапанча менен чымчык атсан олбойтго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан