Чүйдө жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай даракты сүзүп, кырсыктан көз жумду

Бишкек-Степное унаа жолунда жеңил унаанын айдоочусу даракты сүзүп каза тапты. Бул тууралуу 9-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, 8-сентябрга караган түнү 41 жаштагы И.Р. Фольксваген-Венто унаасы менен бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада эсине келбей жатып ооруканада жан берген. Жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан