Жайыл районунда 8-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 110-чакырымында Кочкор-Ата шаарынан Кара-Балта шаарына бара жаткан мунайзат ташуучу Даф үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгине оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 34 тонна мунайзаттын 3 тоннасы жолдун четине, азыраак бөлүгү Кара-Балта суусуна төгүлгөн. Бул тууралуу 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы жана жол-кайгуул кызматкерлери барышып, жеке менчик крандын жардамы менен унааны тургузушкан. Унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын Зелёная көчөсү-47 дарегинин тургуну, 1987-жылы туулган Р.Исакжанов болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Жайыл райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна суудан үлгү алып, суунун ичүүгө жарактуулугун аныктоо үчүн анализдөө иштери жүргүзүлүүсү зарыл.