Бишкекте бир катар уурулуктун бети ачылды

Баш калаада бир катар уурулуктун бети ачылганын 9-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Дордой конушунун тургуну кайрылган. Ал 3-сентябрь күнү 20-25 жаштагы үч адам күч колдонуу менен инисинин 2 миң сом акчасын тартып алышканын билдирген. Шектүү катары 21 жаштагы Чүй облусунун тургуну К.Эламан, 20 жаштагы Бишкектин жашоочусу Н.Айбек жана Талас облусунда туулган 21 жаштагы М.Нурсултан кармалган.

Ушундай эле арыз менен милицияга борбор калаанын жашоочусу кайрылып, Кулиев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде үч адам 3500 сом акчасын тартып алышканын айткан. Бул кылмышка шектелип 31 жаштагы К.Айбек кармалды.

Ал эми Ак-Өргөө конушундагы жарандын үйүнө түн ичинде кирип 20 миң сомдук зер буюмдарын уурдоого шектелип 41 жаштагы К.Эрнис колго түшүрүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан