Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад облусунда күчү 2-2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер силкинүү саат 09:46 чамасында болгон. Анын очогу Фергана тоо кыркасында, Макмал айылынан 15, Кош-Дөбө айылынан 22, Көк-Жаңгак шаарчасынан 65 жана Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым алыстыкта болгон. Ошол эле силкинүүнүн күчү Макмал айылында 2,5 баллга, Көк-Дөбө айылында 2 баллга сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.