Алай районуна караштуу Сары-Таш аймагында 8-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен чек арачылар тарабынан "Бор-Дөбө" бекетинен алыс эмес жерден баштык табылган. Текшерүү учурунда анда 15 полиэтилен пакетине салынган, салмагы 15 килограмм 300 грамм маңзат бар экени белгилүү болгон. Баңгизат экспертизага жөнөтүлүп, фактыга тиешеси бар адамдарды колго түшүрүү боюнча аракеттер жүрүүдө. Бул тууралуу 9-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.