Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында 1-класстын окуучусунун жол кырсыгынан каза болгондугунан улам бүгүн, 9-сентябрда түшкө маал Жаңы-Арык айылынын тургундары Ош-Бишкек унаа жолун тосууга чыгышты. Жол тосууга чыккан эл 10-15 мүнөттөн соң тарап кеткенин ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG'ге кабарлады.
Район акими жана Ош облустук ИИБинин башчысы чогулган эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талаптарын укканын айтты.
"Жаңы-Арык айылынын эли мектеби жол боюнда болгондуктан, унаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмо жана жол чырак орнотуп берүү, же болбосо жер астынан өтүүчү жол салып берүү талабын коюшту. Тургундар түшүндүрүү иштеринен соң тарап кетишти. Бирок эл аралык нормадагы жолго унаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмо коюлбайт. Алардын койгон талаптары боюнча аракеттер көрүлмөкчү болду",- деди Ашырбаев.
Ал эми мектеп окуучусун сүзүп кеткен жаран учурда убактылуу кармоочу жайда экенин кошумчалады. "Жалал-Абад облусунун 1958-жылы туулган тургуну жолдо баратканда алдынан бала чыга калып, аны байкабай унаасы менен сүзүп алган. Андан кийин дароо баланы унаасы менен ооруканага жеткирген, бирок бала каза болуп калган. Ошол эле замат айдоочу суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген",- деди ал.