Төрт ай мурун Чычкан суусуна агып кеткен жарандын денеси табыла элек

Төрт ай мурун Чычкан суусуна агып кеткен жарандын денеси табыла элек. Кечээ, 9-сентябрда М.Үтүрекеевди издөө иштери улантылып, андан натыйжа болгон жок. Бул тууралуу 10-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, окуя Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгон. 2015-жылдын 27-апрелинде Тойота Витц жана Хонда Фит унаалары кагылышып, Хонда Фит автоунаасы Чычкан суусуна кулап кеткен. 1976-жылы туулган Үтүрекеев Мелис Маратовичтин автоунаасы суудан чыгарылган, өзү болсо табыла элек. Издөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aravan
2015-09-10 10:12:54
табылып калсын энди
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан