9-сентябрь күнү саат 14:10до Ак-Буура-Араван каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына таянсак, каза болгон жарандын сөөгү Ош шаарындагы Дача аймагынын Садовая көчөсү аркылуу агып келип, дарыя жээгиндеги даракка такалып калган абалда табылган. Куткаруучулар жансыз денени суудан чыгарышып, Ак-Буура милиция бөлүмүнө өткөрүп беришкен.