Ноокен району Жалал-Абад облусундагы чоң райондордун бири, эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын маалымат кызматынын билдиришинче, бул райондо өнөр жай ишканалары жакшы өнүккөн, тейлөө борборлору иштейт. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан аталган аймакка МТС (машина-трактордук станция) ачылып, ооруканалардагы палаталар оңдолуп, социалдык жактан жардамдар берилип келери айтылды.
Жергиликтүү эл да партиянын аракеттерине ыраазы экендиги, үгүт иштери учурунда 6-сентябрда партиянын мүчөлөрү, иштери менен жакындан таанышууга Масы айылынын аянтына эл жык толгону маалымдалды. Чогулган эл партия мүчөлөрүн кызуу сүрөөн менен тосуп алды. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидеринин ар бир сүйлөгөн сөзүнө кол чаап колдоп турушканы, анткени буга чейин жасалган иштер, көтөрүлгөн көйгөйлөр дал ушул элдин мүдөөсүнө туура келери, алар кадамына кадам улап, өнүгүүгө өрүш алган партияны бир добуштан колдой тургандыктарын билдиришкени айтылат маалыматта.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын мүчөлөрү андан кийин Кочкор-Ата шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Шаар тургундары "Нефтяник" аянтчасына болуп көрбөгөндөй толуп, жаштардан турган партиянын жасалып жаткан аракеттери ар бир Кочкор-Ата шаарынын тургунунун жүрөгүнөн орун тапканы, партиянын иши айрыкча карапайым калк үчүн жасалып жатканы кошумчаланды.