Адамды автоунаа менен сүзүп алган айдоочу милицияга өзү келди

Адамды автоунаа менен сүзүп алган айдоочу милицияга өзү келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык эки күн мурун, 8-сентябрда саат 23:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымында, Военно-Антоновка айылында орун алган. "Айдоочу автоунаасы менен чыгыш тарапты көздөй баратып жөө адамды сүзүп, белгисиз жакка кетип калган. Кырсыктан улам 53 жаштагы К.З. аттуу жабырлануучу ошол жерден көз жумган. Бир нече убактан кийин айдоочу өзү милицияга келген. Ал 27 жаштагы Бишкек шаарынын К.У. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал Мерседес-Бенц-320 үлгүсүндөгү автоунаасы менен адамды сүзгөнүн айтып берген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык болгон учурда айдоочу соо болгон. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, былтыр ушул сыяктуу кырсык болгонун жабырлануучулар SUPER.KG порталына билдиришкен. Алардын айтымдарында, жөө жүрүүчүнүн өлүмүнө алып келген кырсык 2014-жылдын 19-мартында Балыкчы-Каракол унаа жолунда саат 20:00 чамасында орун алган. Бирок күнөөлүү айдоочу кырсыктан кийин бир жылдан ашык мөөнөт өтсө да, жазадан качып жүргөнү маалым болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aikol87
2015-09-10 11:46:04
Коркконго чамасы.
0
Jakykg
2015-09-10 12:31:15
жөн келбесе керек.
-3
Kgtalgat
2015-09-10 12:37:45
Силер каяктан билесинер мункун совесть не дал спать
+4
Mirlan5
2015-09-10 12:44:40
Туура кылган. Бул кырсык.Баарыбызда дооту бар. Ошондода абайлашыбыз керек. Бул атайлап олтурсо бир жон. Маркумдун болсо жаткан жери жайлуу болсун.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан