Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш айылында жүгөрү арасына айдалган кара куурай табылды. Бул тууралуу 10-сентябрда Чүй облустук ИИББинен билдиришти.
Чүй облустук ИИББи менен Сокулук РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында жүгөрүнүн арасынан 1500 түп өсүмдүк табылып, экспертизага жөнөтүлүп, анын кара куурай экени аныкталды. Табылган маңзаттын көлөмү 1 тонна 50 килограмм. Бул эгин талаасы 60 жаштагы П.М. аттуу жаранга таандык болуп чыкты. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишин козгоо маселесин чечүү каралууда.