Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында борбор калаадан 34 жаштагы Н.Дмитрий аттуу жаранды маңзат менен кармашты. Бул тууралуу 10-сентябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. Кармалган жаранды текшерүүгө алган учурда анын жанынан 19,26 грамм маңзат табылды.Ошондой эле Ленин райондук ИИБи тарабынан Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну 15 грамм өлчөмүндөгү маңзат менен кармалды.
Учурда аталган фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.