Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн ага инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 10-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой, 9-сентябрда жеке бизнес ээси Ош облустук прокуратурасына Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн ага инспектору бизнесин сатууда оң жагына чечип берүү үчүн пара талап кылып жатканы боюнча кайрылган.
Ушул эле күнү Башкы прокуратуранын Ош облустук тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте райондук салык бөлүмүнүн ага инспектору өз бөлмөсүндө 14 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашты.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.