
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти
Төлөмүш Океев Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстандагы Кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген.
Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" Кыргыз ССРинин Комсомолу сыйлыгына, "Уркуя" фильми Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы "СССРдин Эл артисти", 1972-жылы "Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" наамдарын алган. Төлөмүш Океевдин чыгармачылыктагы ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Арабия өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.
Төлөмүш Океев 2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы мушкер
Азат Усеналиев Токмок шаарында туулган. Эл аралык класстагы спорт чебери Азат Усеналиев - бокс боюнча КРнын 4 жолку чемпиону жана Азия чемпиону. Бокс менен 11 жашынан баштап машыга баштаган. Ал эми 16 жашында, 2007-жылы өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпиондугун уткандан кийин алгачкы жолу Бакуда өткөн Дүйнө биринчилигине катышкан. 2009-жылы Кытайда өткөн Азия чемпиондугунда өзбекстандык күчтүү мушкер Рафикжон Султановду уткандан тарта аты чыга баштаган. Азат Усеналиев 2009, 2011-жылдардагы Дүйнө чемпиондугуна жана Гуанчжоуда болгон Азия оюндарына катышып, мыкты тажрыйба топтой алган. 2014-жылы Ташкент шаарында Сидней Жексондун элесине арналган эл аралык мелдештин жыйынтыгында Азиялык бокс конфедерациясы (ASBC) тарабынан Азат Усеналиев "Май айынын мыкты боксчусу" деп да аталган.

* Мындан 72 жыл мурун, 1943-жылы баарыбызга белгилүү болгон
советтик кырдуу стакан Орусиянын Гусь-Хрустальный шаарындагы айнек чыгаруучу заводунан чыгарылган. Анын дизайнын советтик айкелчи Вера Мухина иштеп чыккан деп айтылганы менен, расмий түрдө такталган эмес. Стакандын кырлары аны жаткызганда столдун үстүнөн тоголуп кетпеши үчүн жасалган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы Чилиде Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) каржылык кылган
аскердик төңкөрүш болуп өткөн. Мыйзамдуу шайланган президент Сальвадор Альенде өлтүрүлүп, бийликке генерал Пиночет келген.
Аугусто Хосе Рамон Пиночет Угарте - чилилик мамлекеттик ишмер. Чилини 1973-1990-жылдары башкарып, диктатор катары көпчүлүктүн эсинде калган. 2006-жылы 90 жаштагы Пиночетке "күнөөсүз адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон, адам укуктарын тебелеп-тепсеген" деп айып коюлуп, үй камагына алынган. Ал убакытка чейин Пиночет ден соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген. Пиночет 91 жаш курагында Сантьягодо жүрөк дартынан каза болгон. Ал каза болгондо миңдеген чилиликтер кубанып, демонстрацияга чыгышкан.

* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы англиялык актриса
Жессика Тэнди 85 жашында көз жумган. Ал "Шофёр мисс Дэйзи" ("Дэйзи айымдын айдоочусу") тасмасында жараткан ролу үчүн 81 жашында “Оскарга” татып, ал наамга ээ болгон эң улгайган актриса катары тарыхта калган. Актриса ошол эле ролу үчүн BAFTA, "Алтын глобус" сыйлыктарына да ээ болгон. Ал эми "Призрачный свет" тасмасындагы ролу менен "Эмми" сыйлыгын багындырган. Жессика Тэнди "Птицы", "Мир по Гарпу", "Лучшие друзья", "Батарейки не прилагаются", "Кокон: Возвращение", "Жареные зелёные помидоры" тасмаларына тартылган. Ал эми акыркы ролун 1994-жылы "Без дураков" тасмасында жаратып, ошол жылы узакка созулган оорудан улам АКШнын Коннектикут штатындагы Истон шаарындагы үйүнөн каза тапкан.