Бишкектеги Свердлов райондук муниципалдык аймактык башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп жасалма диплом менен иштеген кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 10-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, С.А. аттуу жаран 2013-жылдан баштап 2015-жылдын июлуна чейин Свердлов райондук 19-муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Ал эми 2015-жылдын 6-июлунда башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалар алдында мэриянын кадрдык кызматына ЖОЖду бүткөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсүн берген. Ж.Баласагын атындагы КУУну бүтүргөндүгү тууралуу диплом текшерилгенде С.А. аттуу жаранга берилбегендиги аныкталган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.