Акча талап кылып, тоноочулук менен алектенген топтун мүчөлөрү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кармалышты. Бул тууралуу 10-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, фермерлерди коркутуп, күч колдонуу менен алардын малын тартып алганга шектелгендер буга чейин сот жообуна тартылышкан.
2015-жылдын апрель айында Чүй районунун Шамшы капчыгайында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир
үй-бүлөнүн 13 баш кою менен 4 жылкысын тартып алышкан. Натыйжада 300 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.
Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1969-жылы туулган С.Т., 1993-жылы туулган Р.А. кармалды.