Нарында "жайлоого кой кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз" деп 78 жаштагы жаран изделүүдө

Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагында "жайлоого кой кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз" деп 78 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу 11-сентябрда Өзчөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 1937-жылы туулган Саалы Өмүров Тегерек жайлоосуна 2015-жылдын 8-сентябрында саат 08:00 чамасында кой кайтарганы кетип, кайра кайткан эмес. Маалыматты анын уулу, 1964-жылы туулган Токторбек Өмүров кат аркылуу билдирип, жардам сурап кайрылган. Куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdurahman
2015-09-11 09:16:01
Кудай озу жардам берип кайрылып келсин, 78 жаштагы карыяга кой кайтарткандары кызык, аман болсо экен абабыз
+1
aikol87
2015-09-11 09:48:42
Abdurahman, ошону айтсан.Озу биздикилер улгайып калганда мал кайтартканга, бала каратканга устабыз.)))
+1
ajaraka
2015-09-11 14:33:35
Кудай сактасын! Ал карыянын неберелери жк бекен. Атанын уулдары эмне менен алек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан