Ноокен районунда эки унаанын кагылышынан бир адам мерт болду

Ноокен районунун Ынтымак айылында эки унаа кагылышкан. Күйүүчү май ташыган Фура үлгүсүндөгү унаанын ээси Б.Атабеков эч кандай жаракат алган эмес. Бул тууралуу 11-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Бишкек-Ош унаа жолунун 444-чакырымында орун алган. Ал эми Одиссей үлгүсүндөгү экинчи унаанын ээси, 1982-жылы туулган Ж.Дөлөнов каза тапкан. Алдын ала алынган маалыматтарда анын мас абалында болгону айтылды. Көз жумган Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Лоола айылынын тургунун Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары автоунаадан чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан