Коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча тергөө жыйынтыкталды. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы иш Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин 11-сентябрда билдирди.
Тергөөдө топтолгон материалдардын жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” айыбы тагылды.
Эскерте кетсек, Коркмазов ушул жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Андан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.