Ысык-Көлдө милиционерлер үйгө мыйзамсыз кирип, эки жаранды ур-токмокко алуу боюнча айыпталышууда

Ысык-Көл облусунда 7 милиция кызматкери эки жаранды ур-токмокко алуу боюнча айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандык кийимчен милиция кызматкерлери үйгө мыйзамсыз кирип, үйдүн ээсин жана анын жакын адамын ур-токмокко алышып, Ысык-Көл РИИБине жеткирип, токмоктогонду улантышкан. Милиционерлер алардан кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берүүнү талап кылышкан. Мындан улам жабырлануучулардын ден соолугуна жеңил залал келтирилгени соттук-медициналык экспертизада аныкталган.

"Ысык-Көл районунун прокуратурасы бул факт боюнча "кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатуу" жана "кыйноо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирет Башкы прокуратура.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kamuke_72
2015-09-11 10:40:03
Менттердин беспределине тыйуу салыш керек.
+1
EdikoKG
2015-09-11 11:00:56
Укук коргоочулар-укук кордоочулар. Жумуштарынан айдалып,жазаланышсын. Канчалаган бейкуноо адамдар,келтектин айынан жок куноону мойундарына алышып,темир тор артында олтурушат.
+2
Azahan
2015-09-11 11:22:55
Жарандык кийимчен келсе ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2015-09-11 12:43:18
Azahan - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Izdeim_seni.
2015-09-11 14:40:38
Кантип эле уйунон,анан РОВДдан сабаса женил эле жаракат алсын,олоорчо тепкилешкендир алпарып алышып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан