УКМК: Ошто медициналык борбордун имаратын оңдоодо мамлекетке 556 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Оштогу бөлүмү Ош шаардык №2-Үй-бүлөлүк медициналык борборунун имаратын капиталдык оңдоодо мыйзам бузуу иштери болгонун аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда УКМКдан билдиришти. Имаратты оңдоодо курулуш компанияларынын бири тарабынан аткарылган иштердин көлөмүн көбөйтүү фактысы катталганы айтылды.

"2013-жылы жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы менен №2-Үй-бүлөлүк медициналык борбордун филиалынын имаратын жана коммуникациясын курулуш компаниясы жалпы суммасы 1 миллион 392 200 сомдук капиталдык оңдоодон өткөргөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында компания тарабынан оңдоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин көлөмүн көбөйткөнү аныкталган. Мамлекетке 556 500 сомдук зыян келтирилген",- деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан