Чүй облусунун милициясы Токмок шаарында каза тапкан айымдын өздүгүн аныктоого жардам сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 22-августта саат 04:00 чамасында Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө 25-30 жаштардагы азиат түспөлүндөгү айымдын жансыз денеси табылган. Болжол менен ал кырсыктан улам набыт болгон. Эгер маркум жөнүндө маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюңуздар: 102, (0312) 60-72-26, (0701) 15-36-07, (0557) 77-00-03 (Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмү).