Бишкекте жаран айымды алдоо жолу менен 70 миң сом алып, качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Сокулук районунун 33 жаштагы тургуну кайрылган. Ал июль-сентябрь аралыгында Нурбек аттуу жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып, алардын үйлөнүү тоюн уюштурууга ага 70 миң сом бергенин билдирди. Бирок жигит акчаны алган соң дайынын билдирбей кеткен.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 32 жаштагы Жалал-Абад облусунун М.Нурланбек аттуу тургунун кармашты. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.