Бишкекте "Допинг" аталышындагы рейддин жүрүшүндө 45 жаштагы С.З. аттуу аял психотроптук заттарды сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айымдын жанынан клоназепам жана метадон препараттары табылды. Экспертизанын жыйынтыгында 49 миллиграмм метадон бар экени аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда айымдын шериктери изделүүдө.