Чек арадан 3 өзбек жараны кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 11-сентябрда мамлекеттик чек араны бузганы үчүн Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, кылмышка шектүүлөрдү "Айдаркен" чек ара тозотунун жоокерлери колго түшүрүштү. Кармалгандар кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү пунктунан өтүүдөн качып, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышканы, алар өлкөгө жумуш издеп келе жаткандар экени айтылат маалыматта. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кылмышка шектүүлөр ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dubai
2015-09-11 16:15:58
биздикилер отсо атып салышмак,жок дегенде бутка...кыргыз негизи гумандуу калк.
+2
Rifle
2015-09-11 16:24:30
dubai, ар биринен 2000$ алып, кое беришсин.
+1
mirlanpiter
2015-09-11 19:30:12
Депортация барбы бизде,же кире бер кетирбейм дешеби
0
Erniet
2015-09-12 01:11:12
Уйдо баатыр жоодо жок калк экенбиз да тундук туштук болунуп бирибизди бирибиз чукулап анан башкаларга унчугалбай жерибизди тарттырып чет элдерге тен ата боло албай шумшуйуп шартына макул болобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан