Токмок шаарында 22 жаштагы кыз изделүүдө

Токмок шаарында 7-сентябрь күнү дайынсыз жоголгон 22 жаштагы Перизат Аккула кызы изделүүдө. Бул тууралуу 11-сентябрда Чүй ОИИББинен билдиришти. 
Маалым болгондой, Нарын облусунун 1968-жылы туулган тургуну милицияга кайрылып, 1993-жылы туулган Перизат Аккула кызы 7-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Токмок шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. 
Эгерде жоголгон кыз боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү телефондор аркылуу билдирип коюшуңуздарды суранабыз: (0312) 86-31-02, (0312) 60-72-29, (0703) 40-68-98, (0555) 08-92-90, (0778) 10-10-58.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirlanpiter
2015-09-11 18:34:09
Тооба кылдым бирок,ушул кызга окшош кыздын жансыз денеси табылды деп озунор маалымат бердинер эле??же мен жанылышсам жакшы болмок
0
Gulnur1980
2015-09-11 19:12:31
mirlanpiter,Ооба десен мен да сразу коруп жаман болуп кеттим!
0
jasgul
2015-09-11 18:57:59
Ой жанагы кыз го чын эле. кийимдеринин айрындылары да бар болчу. Чачы узун беле жайылып ыя. Адашсам кечиргиле
0
djamilia
2015-09-11 19:16:52
Al surot 22 avgust dep turat bul 7sentiyabirda dep turat ko başka biridir tabilip kaalar
0
Gulnur1980
2015-09-11 19:16:55
Ким болсо да жайы жанаттан болсу дечи, но, бугун эрте мененки жанылыктарда :"Чүй облусунун милициясы Токмок шаарында каза тапкан айымдын өздүгүн аныктоого жардам сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 22-августта саат 04:00 чамасында Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө 25-30 жаштардагы азиат түспөлүндөгү айымдын жансыз денеси табылган. Болжол менен ал кырсыктан улам набыт болгон"----деп журот эле ошол кызга аябай окшош экен!
0
Gulnur1980
2015-09-11 19:18:36
Ой жанылыштык окшойт, тиги жоголгон кыз 7 сентябрда жоголуптур а тиги каза тапкан кыз 22 августта табылыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан