
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы ырчы жана обончу
Рыспай Абдыкадыров көпкө созулган оорудан улам көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгондо гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда
Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд да уюшулган.
Рыспай Абдыкадыровго "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы тирүү кезинде берилбей калган. Ал 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.

* Мындан 300 жыл мурун, 1715-жылы Орусиянын падышасы
Пётр I борбор шаардын калкына бут кийимге така жана мык кагууга тыюу салган жарлык чыгарган. Падышанын камкордугу көчөгө төшөлгөн жыгачтарды сактоо үчүн жасалган. Жарлыкта "Эгер кимде-ким болбой эле такага мык кагып алса, ага көлөмдүү айып салынат. Көпөс адамдар така, мык кагышса, алар сүргүнгө айдалып, жери тартылып алынат" деп эскертилген.

* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы узундукка секирүү жана чуркоо боюнча америкалык жеңил атлет
Жесси Оуэнс АКШнын Алабама штатындагы Оуквилль аттуу жеринде төрөлгөн.
4 жолку Олимпиада чемпиону, көптөгөн рекорддордун ээси Жесси Оуэнсге 35 жыл тынымсыз чылым чегүүдөн улам 1979-жылы декабрда дарыгерлер өпкөнүн рак оорусу деген диагноз коюшкан. Спортчу 1980-жылы 31-мартта АКШнын Аризона штатындагы Тусон шаарында 67 жашында көз жумган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы актёр
Арнольд Шварценеггер Американын жарандыгын алган.
Теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Арнольд Америкага кетүүнү кичинекей кезинен эле самаган. “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы”, “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” ж.б. тасмаларда эң мыкты ролдорду жараткан Арнольд Шварценеггер АКШнын жараны, белгилүү актёр гана болбостон, саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышарын айтат. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган.