Меккеде зыярат кылуу учурунда ири мечиттердин бирине курулуштагы кран кулап, 60тан ашуун адам каза тапты
Меккедеги ири мечиттердин бирине курулуштагы кран кулап, 60тан (айрым маалыматтарда 65 адамдын набыт болгону жазылууда) ашуун адам каза тапты. Дагы 30дай адам жаракат алган. Каза болгондордун жана жабыркагандардын басымдуу бөлүгү ажылык сапарга баргандар. Окуя жума күнкү зыярат кылуу учурунда болгондуктан, каза тапкандардын саны көп болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, курулуштагы кран катуу шамалдан улам кулап кеткен. Меккеде жана башка шаарларда катуу шамал болуп жаткан. "Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат. Сауд Арабия бийлиги ал жерде оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Бул тууралуу 11-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аллаланын кудурети, жаткан жери жайлуу болуп бейиштен орун берсин жаратканым. Жума куну, меккеде намаз устундо набыт болуу бул олумдун эн женил жана сыймыктуу, ар бир пендеге ошол пенделердин ичинен мага ата энеме бир туугандарыма намаз устундо олум буйруй кор.
0
badiewka
2015-09-12 10:25:04
Аллахым ар бир пендесине чексиз мээрим жана туболук бейиш берсин.!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.