Меккедеги "
Аль-Харам" мечитине курулуштагы крандын кулашынан каза тапкандардын саны 107ге, ал эми жаракат алгандардын саны 238ге жетти. Набыт болгондор жана жаракат алгандар кырсык учурунда зыярат кылып жатышкан. Алардын көпчүлүгү ажылык сапарга келгендер. Алардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги азырынча белгисиз. Маалыматка караганда, кран катуу шамалдан жана жаан-чачындан улам кулаган.
"Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат. Сауд Арабия бийлиги ал жерде оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.
Бул тууралуу 12-сентябрда Сауд Арабиянын Жарандык коргонуу мекемесине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.